Site icon Reporter.kg

Бишкек — Ош унаа жолунда дрондун жардамы менен эреже бузгандар аныкталууда (видео)

Бишкек-Ош жолунда эреже бузган айдоочуларды аныктоо үчүн дрон колдонулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Дрондун жардамы менен карама-каршы тилкеге чыгып, алдыдагы унааны ашып, озуп өтүү эрежелерин бузган айдоочулар аныкталууда.

Жол милициясы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.

Exit mobile version