Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түштү

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түштү

Бишкек-ош унаа жолунда унааларга кар көчкүдөн улам коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) 23-февралда жалпы көлөмү болжол менен 11200 м3, анын ичинен унаа жолго 4500м3 кар көчкү түшүп жол жабылган, жабыркагандар жок.

«Тазалоо иштерине №23 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 самосвал тартылып, ошол эле күнү саат 21:40та унаа жол толук тазаланып ачылган. Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторунда киргизилген чектөө алынды (күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар)», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>