Бишкек-Ош  жолу жүк ташуучу автоунааларга убактылуу жабылды

Бишкек-Ош  жолу жүк ташуучу автоунааларга убактылуу жабылды

18-мартка чейин Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, кар жаашы күтүлөт. Мындан улам, жол кырсыктарын алдын алуу максатында Бишкек-Ош жолуна убактылуу чектөө киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) тарабынан профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт, ага байланыштуу бүгүн, 17-март күнү эртең мененки саат 06:00дөн, кечки саат 22:00гө чейин «Бишкек — Ош» унаа жолунун аталган бөлүгүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.

ЖККББ унаа сүйүучүлөрдөн жана оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларын түшүнүү менен кабыл алып, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы багыт боюнча пландаштырылган кыймылын кийинкиге калтырууну суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>