Бишкек-Ош жолунда автоунаа бетон тосмону сүзүп айдоочусу көз жумду

Бишкек-Ош жолунда автоунаа бетон тосмону сүзүп айдоочусу көз жумду

Бишкек-Ош жолунда автоунаа бетон тосмону сүзүп айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы  14-декабрь күнү саат 07:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 647-чакырымында, Кара-Суу районунун  Кара-Дөбө айылында катталган. Анда  “Хюндай Аванте” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай бетон тосмону сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы киши көз жумуп, 40 жана 35 жаштагы эки киши жаракат алган. 

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар автоунаадан жабыркагандарды жана каза болгон адамдын жансыз денесин алып чыгып беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>