Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын соляркасы тоңуп, токтоп калууда – сүрөт

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын соляркасы тоңуп, токтоп калууда – сүрөт

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын соляркасы тоңуп, жүрбөй калууда. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош автожолунда жол кызматкерлери карды тазалап, кум себүү иштери жүргүзүүдө. Учурда жол ачык, машиналардын тыгыны жок.

“Азыр ашууларда 30-35 градус суук болуп жатат. Бороон болгон учурда гана тазалаганга чыга алышпайт. Калган учурда тазалоо, кум себүү иштери үзгүлтүксүз, өз учурунда жүрүп жатат. Ал эми чоң жүк ташуучу унаалар соляркасы тоңуп калып, жүрбөй туруп калган учурлар көп болууда. Бул кыш айындагы кадимки көрүнүш. Азыркы учурда кун ачык, жолго тийиштүү иштер жургүзүлүп жолчулар ѳз убагында иштеп жатышат”, — деп айтылат маалыматта. 

[su_image_carousel source=»media: 49474,49475,49476,49477,49478,49479″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>