Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан төрт киши өлүп, 11 адам жабыркады

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан төрт киши өлүп, 11 адам жабыркады

Бишкек — Ош автожолунун 163-чакырымында “Хонда-Степ” жана “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 4 адам каза болуп, 11 адам жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында жаш балдар бар.

“Кырсык 24-ноябрь күнү саат 23:50 чамасында Суусамыр өрөөнүндө болгон.  ӨКМдин куткаруучулары жол кырсыгынан жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматына, каза болгондордун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-  деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>