Site icon Reporter.kg

Бишкек-Ош жолундагы убактылуу чектөө алынды

Бишкек-Ош автожолундагы “Сосновка” жана “Арал” постторундагы убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чектөө Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу максатында кечээ, 20-октябрда кечки саат 20:00дө оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген.

Exit mobile version