Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды

Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды

Бишкек-Ош автоунаа жолунда оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи оодарылган соң эки унаа менен  кагылышып,  кырсыктан бир адам каза болду.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол коопсуздук кызматынан билдиришти.

“23-сентябрь күнү “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Бишкекти көздөй баратканда чиркегичи бир капталга жыгылып, жолдо токтоп турган “БМВ” унаасын сүзүп, андан ары “Мерседес-Бенц” унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу Токтогул райондук аймактык ооруканасына келгенде каза болгон”, — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>