Бишкек-Ош автоунаа жолунда оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи оодарылган соң эки унаа менен кагылышып, кырсыктан бир адам каза болду.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол коопсуздук кызматынан билдиришти.
“23-сентябрь күнү “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Бишкекти көздөй баратканда чиркегичи бир капталга жыгылып, жолдо токтоп турган “БМВ” унаасын сүзүп, андан ары “Мерседес-Бенц” унаасы менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу Токтогул райондук аймактык ооруканасына келгенде каза болгон”, — деп жазылат маалыматта.