Бишкек-Ош жолундагы унааларга коюлган чектөө алына элек

Бишкек-Ош жолундагы унааларга коюлган чектөө алына элек

“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алына элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 31-мартта саат 19:30дан тартып Жайыл районунун “Сосновка” жана саат 20:15тен тартып Токтогул районунун “Арал” постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Учурда убактылуу киргизилген чектөөлөр алына элек экени кабарданды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>