Site icon Reporter.kg

Бишкек: Өзгөчө коркунучтуу кылмышкер колго түштү (ВИДЕО)

“Х” каймана аты бар 31 жаштагы С.Ж Бишкектен кармалды. Ага атайын күч органдын кызматкерлери тартылды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясы маалымат таратты.

Маалыматка караганда, ал курал-жарактарды сактап жүрөт деген шек менен 28-сентябрдан бери издөөдө жүргөн. Иликтөө иштердин натыйжасында кармалып, тинтүү маалында жанынан “ПМ” үлгүсүндөгү ок атуучу пистолет 3 огу менен кошо табылды.

Буга чейин эле киши өлтүрүүгө, уурулукка, мыйзамсыз курал-жарактарды алып жүрүүгө, алдамчылык менен жарандардын мүлкүн алдап алуу, ар кандай штамптардарды расмий документтерди жасоо боюнча ж.б. кылмыштарга шектүү катары изделип жүргөн.

Азыр иликтөө иштери жүрүүдө.

 

Exit mobile version