Site icon Reporter.kg

Бишкек: Поездге урунган жаран мерт кетти

Темир жолдун үстүндө кетип бара жаткан жаран поезддин ышкырыгына маани берген эмес. Ал эми машинист поездди ыкчам токтотконго аракет жасаган. Тилекке каршы 21 жаштагы жаран поездге урулуп, жеринен мерт кеткен.

Окуя 18-сентябда күндүзгү ондон өтүп калган кезде Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары, Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал маркум 2000-жылы туулган.  Бул туурасында Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматы билдирди.

Exit mobile version