Site icon Reporter.kg

Шайлоо: Бишкек шаардык кеңешке өткөн партиялардын тизмеси

Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоо өттү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 20:50гө карата Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан партиялар үчүн добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

— “Жаңы күч” – 29,55% (35 025 добуш),

— “Эмгек” – 22,08% (26 166 добуш),

— “Адилет” – 15,07% (17 858 добуш),

— “Ынтымак” – 13,96% (16 542 добуш),

— “Эл үмүтү” – 10,81% (12 815 добуш),

— баарына каршы — 7,16% (8 484 добуш),

— “Улуу Журт” – 1,34% (1589 добуш).

Буга чейин саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу шаардык кеңештерге шайлоодо 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлгөн. Ошентип, Бишкек шаардык кеңешке алдын ала 5 партия өтүүдө.

51 депутаттык орун үчүн 6 саясий партиянын талапкерлери ат салышты. Буга чейин Социал-демократтар партиясы шайлоодон четтетилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version