Шаардык сот Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Шаардык сот Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Атамбаевди 26-авгутска чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камоо чечимин чыгарган.

Слесаревдин айтымында шаардык соттун чечими мыйзамсыз болгон.

Баары болуп Атамбаевге 14-кылмыш иши козголгон.  Бирок Атамбаев тергөөгө көрсөтмө берүүдөн жана документтерге кол коюудан баш тартууда. Анын 120 мүлкү камакка алынганын Башкы прокуратура билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>