Бишкек шаардык соту Конгантиевди актаган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Конгантиевди актаган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган Биринчи Май райондук сотунунун  өкүмүн күчүндө калтырды.

Шаардык сот мындай чечимди 16-декабрда кабыл алган.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 5-июлда Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп, аны актаган. Ошондой эле экс-министрдин сыртка чыкпоо боюнча чечим жокко чыгарылып, мүлкү камактан чыгарылган.

 Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык» беренелери боюнча айып тагылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>