Site icon Reporter.kg

Теңгиз Бөлтүрүк камакта калтырылды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-ноябрда шаардык сотто Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

Буга чейин, 4-ноябрда Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын караган Октябрь райондук соту аны 10-январга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version