Бишкек шаарына эртеңден баштап жылуулук берилет

Бишкек шаарына эртеңден баштап жылуулук берилет

Бишкекте 1-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү токтомго шаар мэри Азиз Суракматов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Объектилерге толук жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Алгач мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө берилет”, — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгон учурда жылуулук бериле баштайт.

Өткөн жылы үйлөрдү, социалдык объектерди жылытуу сезону 18-октябрдан башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>