Site icon Reporter.kg

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Таалайбек Байгазиев пара алууга шектелип кармалды

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Таалайбек Байгазиев опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Байгазиев буга чейин алган 35 миң доллар өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн кайтарып берип жатканда кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул акчалар Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөө үчүн Таалайбек Байгазиев тарабынан талап кылынганы аныкталган. Бирок вице-мэр акчаны алгандан кийин ар кандай себептерге таянып, долбоордун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды аткаруудан качкан.

Вице-мэр учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Exit mobile version