Айгүл Рыскулова КМШнын Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Айгүл Рыскулова 2014-2018-жылдары Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген.
Бул кызматты мурда Зина Асанкожоева аркалап келген. Ал бүгүн, 4-февралда иштен алынды. Асанкожоева бул кызматка 2014-жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин Улуттук банктын төрайымы кызматын аркалаган.