Бишкек шаарынын тургуну аялы менен уулун бычактап, өзү асынып алды

Бишкек шаарынын тургуну аялы менен уулун бычактап, өзү асынып алды

Бишкек шаарынын тургуну үй-бүлөлүк жаңжалдан улам аялы менен баласын бычактап, өзү асынып алды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, окуя тууралуу маалымат милицияга  6-март күнү саат 12:00дө түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ  көк кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен бычакталган аялдын  сөөгүн жана жуунучу бөлмөдөн эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Бычактан жаракат алган жаш бала тез жардам унаасы аркылуу Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Учурда окуя болгон жерде Октябрь райондук милициясынын жана райондук прокуратуранын жетекчилиги жүрөт.

Бул факты боюннча кошумча маалымат берилет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>