Бишкек ШИИББ: Эки адамды мыкаачылык менен сабагандар өлкөдөн качууга аракет кылышкан

Бишкек ШИИББ: Эки адамды мыкаачылык менен сабагандар өлкөдөн качууга аракет кылышкан

Бишкектин Жал кичи районунда эки адамдын мыкаачылык менен сабаган бир туугандар өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.

[su_quote]Шектүүлөр азыр өлкө аймагында, аларды кармоо үчүн Бишкек менен аймактарда атайын 7 оперативдик топ түзүлдү. Жакынкы күндөрү кармалат.[/su_quote]

Белгилей кестек, үрөй учурган окуя 28-август күнү  саат 7:00дөр чамасында Жал кичи районундагы “Ярмарка” дүкөнүнүн жанында болгон.

Кылмышка шектүүлөр 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович экенин аныкталып, милиция тарабынан аларга издөө жарыяланган.

Ленин райондук прокуратурасы мушташтан кийин шектүүлөрдү милиция кызматкерлери алып кеткенин маалымдаган.

Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп шектүүлөрдүн бир тууган агасы милициянын майору Б.К.га  (“Кызматт абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана (“Кылмышты жаап-жашыруу”) беренелери менен иш козгогон. Мындан башка 2 тергөөчү иштен алынып, 2 кызматкерге сөгүш берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>