Бишкек ШИИББи Айзада менен Замирбектин сөөгүнүн сүрөттөрү таратылышы боюнча тергөө баштады

Бишкек ШИИББи Айзада менен Замирбектин сөөгүнүн сүрөттөрү таратылышы боюнча тергөө баштады

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Айзада Канатбекова менен Замирбек Теңизбаевдин сөөктөрүнүн сүрөттөрүнүн таратылышы боюнча тергөө ишин баштады. Бул маалыматты Reporter.kg сайтына борбордук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде өлтүрүлгөн Айзада жана Замирбектин сүрөттөрү пайда болгон.

Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттөрдү Аламүдүн районундагы талаадан унааны тапкан милиция кызматкерлери же койчу таратышы мүмкүн экендигин жазып чыгышты.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкекте бир топ жигит Айзада Канатбекова аттуу кызды күч колдонуп унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Кылмыш коомдо чоң резонанс жаратты.

7-апрелде Аламүдүн районундагы талаадан койчу эркек кишинин жана аялдын денесин (Айзада) унаанын ичинен тапкан.

Бүгүнкү күндө Айзада Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар бардык шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>