Site icon Reporter.kg

Бишкек ШИИБдин жыйынында бир катар жетекчилер жазаланды

17-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында 2024-жылда аткарылган ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жыйын өттү.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов, борбор калаадагы милициянын башчысы Азамат Токтоналиев, анын орун басарлары жана облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Жыйын кесиптик ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн милициянын мыкты кызматкерлерине жана ардагерлерине ведомстволук медалдарды, Ардак грамоталарды жана баалуу белектерди тапшыруу аземи менен башталды.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук коопсуздук кызматтарынын ишинин жыйынтыгы жана санариптештирүү процесстери каралып, ар бир иш багытында жетишкендиктер талданып, кемчиликтер аныкталды.

Белгиленген кемчиликтерге байланыштуу ез ишинде олуттуу кемчиликтерге жол берген бир катар жетекчилер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Ички иштер министринин орун басары кызматтардын жетекчилерине жана кадрдык бөлүмдөрдүн башчыларына мыйзамды так сактоо жана өздүк курам арасында тарбия иштерин күчөтүү милдетин койду.

Жыйын 2025-жылга пландаштырылган негизги иш-чаралар тууралуу маалымат менен аяктады.

Exit mobile version