Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев алдыдагы парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиришти.
Жумагазиев «Биримдик» саясий партиясынан талапкер болот.
Канат Жумагазиев 1977-жылы 10-февралда туулган. Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1997-жылдан бери ички иштер органдарында. Ал Чүй облусунун Аламедин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. 2016-жылдын июлунан 2017-жылдын ноябрына чейин Чүй облусунун борбордук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп, 24-ноябрда Ички иштер министрлигинин ЖКККББ башчысы болуп дайындалган, 2019-жылдын 7-февралынан тартып Бишкек ШИИБнин башчысы.