Site icon Reporter.kg

“Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борбору курулат

“Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик дирекция түзүү жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Уюштуруу иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлдү.

Аталган долбоор борбор калааны көрктөндүрүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү, шаардын туристтик дараметин жогорулатууну көздөйт.

“Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоору Бишкек шаарын көрктөндүрүүгө жана анын эл аралык, чет элдик жана финансылык түзүмдөр жана инвесторлор үчүн жагымдуулугун жогорулатууга, Бишкек шаарынын туристтик потенциалын натыйжалуу пайдалануу үчүн заманбап бизнестин, финансылык жана туристтик инфраструктуранын динамикалуу өнүгүүсүн камсыздоого, ошондой эле борбордун калкы жана меймандары үчүн сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизимин кеңейтүүгө жана анын сапатын жакшыртууга багытталган.

Exit mobile version