Site icon Reporter.kg

Бишкек: Таатан соода борборунан чыккан өрт өчтү

Бишкек шаарына Лермонтов көчөсүндө жайгашкан «Таатан» соода борборунун аймагында курулуш материалдарды саткан дүкөндөрдөн чыккан өрт саат 21:01де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн болжолдуу жалпы аянты 350-400 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тарабынан жеринде иш аткарылган.

Exit mobile version