Site icon Reporter.kg

Бишкек: Таштанды полигонун рекультивациялоо жанданат

Бишкек санитардык полигонунда рекультивация иштери жанданды. Бул туурасында баш калаанын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрия сентябрда эки жолу Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкына кат жолдоп, эстониялык компания менен келишимди бузуу ниетин билдирген. Буга подрядчы компаниянын бир жарым жылга өлкөдөн кетиши, иштин токтоп калышы себеп болгон.

«Бир нече жолку сүйлөшүүдөн кийин подрядчы компания жакын арада ишти баштоо ниетин билдирди. Шаардын таштанды таштоочу жайындагы түтүндү жок кылуу иш-чараларынын планы түзүлүп, бекитилди. Ага эки ай убакыт берилди. Ишти мөөнөтүндө бүткөрбөй, шарттарын аткарбай коюу келишимди бузууга негиз болот», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version