Site icon Reporter.kg

Бишкек: Темир жолдон 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

кыргыз темир жолу, поезд

Бишкектин жанындагы темир жолдон 16 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-апрелде Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Военно-Антоновка айылындагы темир жолдон жашы жете элек баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери жаш жигиттин өздүгүн тактап, ал 2006-жылы туулган К.Р. Учурда анын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенип, экспертиза дайындалды.

Exit mobile version