Site icon Reporter.kg

Бишкек-Тюмень багытындагы автобус жумасына эки ирет каттай баштайт

1-июлдан тарта Тюмень (Орусия) — Бишкек — Тюмень багыты боюнча жүргөн автобус жумасына эки жолудан каттай баштайт. Бул тууралуу Тюмень облусунун Курулуш боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык №1708 «Тюмень АВ – Бишкек АВ» каттамы ар шейшемби жана жума күндөрү жүрөт. Тюмень автовокзалынан кетүү убактысы — саат 20:10.

Белгилей кетсек, аталган каттам ушул жылдын 27-майынан баштап ишке киргизилген.

 

Exit mobile version