Site icon Reporter.kg

Бишкек: Улуттук банк бир акча алмаштыруу жайын жапты

«Нурзаман ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү  Ч. Айтматов көчөсү 299В дарегиндеги акча алмаштыруу жайдын лицензиясы токтотулду. Бул боюнча маалымат Улуттук банктын расмий сайтында кабарланды.

Маалыматка караганда,  Улуттук банктын атайын талаптарын жана нормативдүү актыларына жооп бере алган эмес.

№ 5927 лицензияны 2019-жылы 19-сентябрда алган.  Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтарга караганда,  «Нурзаман ЛТД» ЖЧК директору жана негиздөөчүсү Абдурасилбеков Абдыбек Абдурасилбекович.

Exit mobile version