Аламүдүн-1 кичи районунун аймагында ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов милициясы билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, 17-октябрь күнү ымыркайды баштыкка салып таштап кеткен. Ал наристе чарчап калган.
Милиция Жазык кодексинин 150-беренеси («Коркунучта калтыруу») боюнча кылмыш ишин козгоп, энесин издөөдө.