Кечээ, 21-декабрда “Ынтымак-2” сейил багында Бишкек шаарынын Октябрь районунун башкы балатысы жандырылды. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, райондун башчысы Мирлан Эшкожоев Аяз Ата, Аяз кыз менен биргеликте Жаңы жылдын башкы символу болгон 8 метрлик жаңы жылдык балатыны жандырышты.
Мындан тышкары шаардык балдар үчүн майрамдык шоу-программа уюштурулду.