Site icon Reporter.kg

Бишкек: Жал-23 кичи районундагы гараждар алынды

Бишкектин Жал-23 кичи районундагы гараждар алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэриянын маалыматы боюнча, аталган кичирайондогу №18 үйдүн жанында 15 темир гараж тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган. Ага байланыштуу алардын баары алынган.

Шаар бийлиги жарандарды муниципалдык жерге кандайдыр бир объект орнотууда уруксат алууга чакырат.

Exit mobile version