Site icon Reporter.kg

Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору кызматтан кетишти

Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов жана Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов өз каалоосу боюнча прокуратура органдарынан кетишти. Бул тууралуу 5-февралда маалымат жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

«Экөө тең ден соолугуна байланыштуу жазган арызына ылайык кызматтан кетишти. Алар жарым жылдан бери ооруп жүршүптүр», — деди Башкы прокурор Курманкул Зулушев.

 

Exit mobile version