Site icon Reporter.kg

Бишкек: Жаңы жылдык белектерди сатып алууга жарманке ачылат

Бишкекте 21-декабрдан тарта жаңы жылдык жарманкелер иштей баштайт, деп билдирди борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы.

Жаңы жылдык белектерди, айыл чарба азыктарын жана башка көптөгөн нерселерди сатып алуу үчүн шаардыктар төмөндөгү даректерге барса болот.

21-26-декабрь саат 15:00дөн 18:00гө чейин Ынтымак-2 сейил багына;

21-30-декабрга чейин саат 11:00дөн 16:00гө чейин Чүй проспектиси менен Эркиндик проспектисинин кесилишине.

Exit mobile version