Бишкекте жасалма өткөрмө кагаз сатып жүргөн жигит кармалды

Бишкекте жасалма өткөрмө кагаз сатып жүргөн жигит кармалды

Бишкек комендатурасы жасалма өткөрмө кагазын саткан жигитти кармады. Бул тууралуу шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Жасалма өткөрмө кагаздары менен алектенип, аларды 1500 сомдон сатып жүргөн 1990-жылы төрөлгөн жигитти кармадык. Андан мөөр, клише жана өткөрмө кагаздар алынды”, — деди ал.

Комендант бул учурду аныктоого көмөктөшкөн журналист Нурис Алымбаевге ыраазычылык билдирди.

Буга чейин УКМК Бишкекте милиция кызматкери уруксат кагазды сатуу үчүн акча алып жатканда кармаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>