Site icon Reporter.kg

Бишкек ЖЭБде эмне жагылып жатат? Парламентте шаарды каптаган кара түтүн көйгөйү көтөрүлдү

Бишкекти кара түтүн каптап жатат. Былтыр мынчалык түтүн болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Ал учурда ЖЭБде эмне жагылып жатканы тууралуу маалымат алууну сунуштады.

«Бишкек шаарын кара түтүн каптап жатат. Кечээ күндөн баштап көрүп жатасыздар, Бишкек шаарын түтүн каптады. Былтыр түтөбөй эле жакшы эле жашадык эле. Быйыл Бишкекти атайын түтүн каптатып жаткандай көрүнүш болуп жатат. ЖЭБде эмне жагылып жатканын от жагуучу жумушчулардан суроо керек. Кара түтүн каптап жатат деп отура берүүгө болбойт. Бул нерсени көзөмөлгө алуу керек», — деди Икрамов.

Exit mobile version