Site icon Reporter.kg

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек жылуулук электр борборундагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ-ТЭЦ) кызмат адамдары кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгынан жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан 2-февралда саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги жабдуусунда жарылуу болгон.

Натыйжада ЖЭБдин 5 жумушчусу ар кандай жаракат алышып, медициналык мекемелерге жеткирилген.

Ошону менен  бирге, Бишкек шаарындагы турак-жайларды, мекемелерди, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу), 317-беренеси (магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү УКМКга тапшырылды.

Окуя боюнча террордук акт жана диверсия белгилери аныкталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version