Site icon Reporter.kg

Бишкек ЖЭБге түтүнгө каршы тазалоочу жай орнотулду

Бишкек ЖЭБине түтүнгө каршы күрөшүү үчүн эки баскычтуу тазалоочу жайы орнотулду. Бул тууралуу 2020-2021-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктарды талкуулоо боюнча жыйында ЖЭБ башчысы Андрей Воропаев билдирди.

Жыйында мэр Азиз Суракматов инженердик кызматтардын ишине көңүл бурууну, шаардыктардан жолдордо жана тротуарларда асфальттын төшөлүүсүнүн сапатына нааразычылыктары көп экенин билдирип, ар бир объектидеги иштерди тыкыр көзөмөлгө алууларын тапшырды.

«Сентябрь айынын аягына чейин «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы бардык 66 откананы оңдоп бүткөрүүнү пландап жатат, учурда 62 отканада оңдоо жыйынтыкталды», — деп кошумчалашты шаардык бийликтен.

Ошондой эле шаар тургундарына 126 тонна көмүр даярдоо пландалууда. Жеңилдик алган 3 миң 891 үй-бүлөгө 21,6 миллион сом көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет. Азыркы учурда 3 миң 469 үй-бүлөгө төлөнүп берилди.

«Мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо уюмдары жана башка социалдык мекемелер дагы графикке ылайык жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version