Site icon Reporter.kg

Бишкек ЖЭБинде авария болду

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек жылуулук электр борборунда  (ЖЭБ) системдик авария болду. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдингдин»  басма сөз кызматынан билдиришти.

“Жогорку чыңалуудагы тармактарында болгон авариянын улануусун токтотуу үчүн   коргоо системи ишке кирген. Интернетте тарап жаткан буу жылуулук казандарынан чыгып жаткан буу.Бул казан агрегаттары иштен чыкпоо үчүн жасалган. Учурда жогорку чыңалуудагы системдик авариянын себептери такталууда”, – деп жазылат энергохолдингдин маалыматында.

Белгилей кетсек, мурдараак Бишкектин бир топ аймагында электр жарыгы өчүп, кайра күйдү.

Exit mobile version