Site icon Reporter.kg

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча айыпталгандарга сот өкүмү чыкты

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу айыпталып жаткандарга Свердлов райондук соту өкүм чыгарды.

Райондук соттун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарган өкүмгө ылайык мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга, Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев  15 жылга эркинен ажыратылды.

Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сомдон айып пул салынды.

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов  2 жыл 6 айга кесилди. Бирок тергөө абагында отурган убактысы эсептелип, алардын жаза өтөө мөөнөтү аяктады деп табылды.

Exit mobile version