Site icon Reporter.kg

Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси алмашты

Бишкек жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров кызматтан алынып, анын ордуна Нургазы Курманбеков дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Нургазы Курманбеков буга чейин аталган борбордун инженери болуп иштеп келген. Ал 2007-жылдан бери ЖЭБте эмгектенет.

Министрликтин маалыматында Алпбек Садыров өз арызы менен иштен бошотулган.

Exit mobile version