Site icon Reporter.kg

“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызмат адамдарына иш козголду

“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек мэриясына караштуу “Бишкек асфальтсервис” Муниципалдык ишканасында (“БАС” МИ) коррупцияга каршы аракеттенүү, автомобилдик жолдор жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, 2019-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын мэриясынын жана “БАС” МИнын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында конкурстук тооруктарды өткөрбөстөн жана негиз болуучу тиешелүү документтери жок туруп, жеке үчүнчү жактын эсебине жалпы суммасы 7 млн 624 миң 319 сом акча каражаттарын мыйзамсыз чыгаруу жолу менен сиңирип алышкандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же которуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version