«Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын жетекчисине жаңы орун басар дайындалды

«Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын жетекчисине жаңы орун басар дайындалды

Бакай Осмоев «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын жетекчисине орун басар болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп  Осмоев Бакай Урматбекович  дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Мэриянын кабарлашынча Осмоев Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетин аяктаган. Миландагы Политехникалык Университеттин архитектура боюнча магистр даражасын алган.

15 жылдан ашык долбоорлоо архитектору болуп жеке курулуш компанияларында  жана долбоорлоо  уюмдарында эмгектенген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>