Site icon Reporter.kg

Бишкекте бала бакчанын имаратында чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы “Дастан” бала бакчасында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жумабеков көчөсү, №228 дарегинде жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, Фрунзе көчөсү, №585 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу «Дастан» бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен.

Өрт саат 13:42де чектөгөө алынып, 14:43тө толук өчүрүлдү. Өрттөнгөн аянт болжол менен 200 чарчы метрди үзөт.

Exit mobile version