Site icon Reporter.kg

Бишкекке 18 мектеп, 15 бала бакча кошулду

Бишкек шаарынын аймагы кеңейиши менен борборго 18 мектеп, 15 бала бакча кошулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, аларга дагы тийиштүү каражат бөлүнөт.

«Былтыркы жылдан баштап биз бардык мектептерди кароол жана тазалык кызматкерлери менен камсыздап жатабыз. Жаңы мектептерге дагы бул акча бөлүнөт», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version