Site icon Reporter.kg

Бишкекке Дубайдан 177 кыргызстандык учуп келди

Кечээ, 10-майда ”Манас” эл аралык аэропортунда Fly Dubai авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» чартердик каттамын тосуп алышты. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Мекенине 177 кыргызстандык учуп келди.

COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик каттамдардын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлдү.

Exit mobile version