Site icon Reporter.kg

Бишкекке газ менен жүрүүчү жаңы автобустар алынып келди

Бишкекке бүгүн, 13-августта Кытайдан газ менен жүрүүчү 25 жаңы автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, дагы 25 автобус чек арадан өтүп жатат.  Жаңы автобустар 15-сентябрга чейин каттамга чыгат.

Макулдашылган графикке ылайык, жыл аягына чейин Бишкекке дагы 450 жүргүнчү ташыган автобус келет. Калган 500ү келерки жылдын биринчи кварталында жеткирилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version