Бишкекке көп орундуу 520 жаңы автобус келет

Бишкекке көп орундуу 520 жаңы автобус келет

Бишкекке көп орундуу жаңы автобустар лизинг шарты менен алып келинерин мэриянын маалымат кызматы билдиргенин «Акчабар» жазды.

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары бул долбоорду жактырып, азыр аны ишке ашыруу маселелери каралып жаткандыгы айтылды.

Мэрия жаңы автобустарды убактылуу токтотулган каттамдарга же коомдук муниципалдык транспорт каттабаган райондорго жүргүзүү жагын кароодо.

Жаңы автобустар шаардын борборун маршруттардан арылтууга мүмкүнчүлүк берет, өзгөчө Чүй проспектиси — Ибраимов көчөсү — Бөкөнбаев көчөсү — Жаш гвардия проспектиси камтылган аймакты бошотуу каралууда.

Экологиялык тазалыгына жана пайдалуулугуна карап газ менен жүрүүчү автобустар сатып алынат.

КАНДАЙ АВТОБУСТАР АЛЫНАТ?

Мэрия 18 орундуу 15 автобус, 12 орундуу 50 автобус, 10 орундуу 300 автобус, 8 орундуу 100 автобус алмакчы. Ал эми 12 орундуу электр энергиясы менен жүрүүчү 55 автобус боюнча чечим бардык мүмкүнчүлүк ийне-жибине чейин каралып чыккандан кийин кабыл алынат.

САТЫП АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУ КАНДАЙ ӨТӨТ?

Мэрия лизинг келишимин түзүүнү көздөөдө, анда ижара берүүчү мүлктү менчикке өткөрүп берүүгө жана мүлккө убактылуу ээлик кылып колдонгонуна төлөгөн акысы үчүн лизинг алуучуну мүлк менен камсыздоого милдеттүү.

Келишимдин мөөнөтү бүткүчөктү автобустар мэриянын менчигинде болот. Шаардык муниципалитет лизингдин мөөнөтү аяктаганча автобустарды келишимде көрсөткөн баа менен сатып ала алат.

Азыр «Бишкек жүргүнчү автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасынын балансында 477 автобус бар, алардын 190унун гана абалы жакшы. Күн сайын линияга 12 каттам менен 135 автобус чыгат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>