Бишкекке Кореядан Кыргызстандын жарандары келди

Бишкекке Кореядан Кыргызстандын жарандары келди

Бүгүн, 16-июнда Бишкекке Кореядан Кыргызстандын 3 жараны келди. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

Кыргыз жарандары «Air Astana» казак авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Сеул шаарынан Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна келишип, атайын транспорт менен Бишкек шаарына алынып келди. Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттердеги Кыргызстандын жарандарын алып келүү иштери улантылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>